Үч аптада 46 713 адам кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салды
Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта жеке жактар кредиттик келишимдерди түзүүгө өз алдынча жана акысыз тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышты.
06:37, 24.11.2025Ушул жылдын 1-ноябрынан тарта жеке жактар кредиттик келишимдерди түзүүгө өз алдынча жана акысыз тыюу салууга мүмкүнчүлүк алышты.
06:37, 24.11.2025КРнын Улуттук банк Башкармасынын жаңы токтому банктардын кредиттик саясатын жана күрөөгө мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган, ошондой эле виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүү жана банктар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн шарттарды түзөт.
09:05, 13.11.2025КРнын Улуттук банкы төлөм уюмдарынан жана төлөм системасынын операторлорунан ар бир аралыктан жүргүзүлгөн операцияга мониторинг жүргүзүүнү талап кылуу менен алдамчылыктан коргоону күчөттү.
06:18, 13.11.2025Улуттук банк 10-ноябрда жыл башынан бери эң ири валюталык интервенцияны жүргүзүп, банктар аралык валюта рыногуна 173,9 млн доллар сатты.
05:07, 11.11.2025КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоонун маанилүү механизмин киргизди. 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта жеке тараптар өз ыктыяры менен жана акысыз кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат.
11:44, 10.11.2025Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамга кол койду.
12:07, 05.11.2025КРнын Улуттук банкы жарандарды алдамчылыктан коргоо үчүн жаңы маанилүү механизмди киргизди. 1-ноябрдан баштап жеке тараптар өз алдынча жана акысыз түрдө кредиттик келишимдерди түзүүгө убактылуу тыюу салып же ал тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
03:33, 30.10.2025Кыргызстанда 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин 20 жана 50 сомдук банкноттор чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде белгилүү болду.
03:07, 30.10.2025Кечээ, 27-октябрда Улуттук банк башкармалыгы эсептик ченди 75 базистик пунктка, 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим 28-октябрынан тартып күчүнө кирди.
07:56, 28.10.2025КРнын Улуттук банкынын кирешеси 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен эң чоң өсүшкө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн дээрлик 13 эсе көп болду.
05:33, 22.10.2025Бул тартипти белгилөөгө багытталган токтом долбоору КРнын Улуттук банкы тарабынан иштелип чыккан. Өзүнө-өзү тыюу салынган учурда насыя алуу мүмкүнбү жана бул механизм кандай иштейт, Улуттук банктан Banks.kg порталына түшүндүрмө беришти.
09:49, 21.10.2025КРнын Улуттук банкынын жаңы токтом долбоору төлөм уюмдары тарабынан электрондук акчаларды чыгаруу процессин укуктук жөнгө салууну камсыз кылат, ошондой эле инновациялык төлөм кызматтарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп, калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.
09:27, 20.10.2025Дүйнөдө алтындын биржалык баасы тарыхый рекорддорду жаңылоону улантууда. Кыргызстанда да бул баалуу металлга болгон баа кымбаттап жатат.
03:48, 17.10.2025Акыркы жылдары Кыргызстандын банк секторунда жалпы уставдык капиталдын өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалып бир эле мезгилде ата мекендик капиталдын үлүшү көбөйүп, чет өлкөлүк катышуунун үлүшү азайган.
08:04, 14.10.2025Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» жабык акционердик коомун уюштурууга уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
04:01, 14.10.2025Апта башынан бери Кыргызстанда алтын куймаларынын баасы көтөрүлүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришүүдө.
11:01, 10.10.2025КРнын Улуттук банкы антифрод-системасын жана шектүү транзакцияларга бөгөт коюуга банктарды милдеттендирди. Эми жөнгө салуучу орган электрондук төлөм инструменттерин, виртуалдык актив капчыктарын жана SIM-карталарды сатуу же өткөрүп берүү боюнча кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге жоопкерчиликти, анын ичинде кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү көздөөдө.
09:41, 10.10.2025Кыргызстандын Улуттук банкы өлчөнгөн алтын куймаларынын наркын жаңылады, бул баанын андан ары өсүүсүн көрсөтөт.
12:09, 07.10.2025Буга чейин КРнын мыйзамдарында банк секторунун алдамчылыктан коргоо тутумдарына карата талаптар жок болчу. Улуттук банктын токтому банк тармагындагы алдамчыларга каршы күрөштү күчөтөт.
05:00, 03.10.2025Кечээ, 1-октябрда Улуттук банк валюта рыногуна АКШ долларын сатты. Валюталык интервенциялардын максаты – мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн улуттук валютанын курсунун туруктуулугун сактоо.
07:23, 02.10.2025КРнын Улуттук банкы эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга 2026-жылдын 1-апрелине чейин уруксат берүү токтомун кабыл алды. Бул чечим менен бүгүн, 1-октябрда бүтө турган убактылуу уруксаттын мөөнөтү узартылды.
05:37, 01.10.2025Финансылык жөнгө салуу орган, 2026-жылга КРнын улуттук валютасынын эки күмүш коллекциялык монеталарынын дизайнына талаптарды жарыялады: «Тайган жарыш» жана «Өрүкзар» монеталары.
04:01, 25.09.2025Июль айында жеке жактардын чек аралык акча которууларынын агымы июнь айындагы акча которуулардын көлөмүнөн 22,6 миллион долларга ашты. Эң көп агым КМШ өлкөлөрүнөн келип, 298,4 миллион долларды түздү, ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген агым 19,3 млн долларды түздү.
06:08, 23.09.2025QR-коддордун жардамы менен төлөөдө үзгүлтүккө учураган учурларга байланыштуу, Улуттук банк төлөм системасынын негизги катышуучуларына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну жана бизнес-процесстерди оптималдаштырууну тапшырды.
10:07, 19.09.2025Кыргызстандын Улуттук банкы каржы системасын чыңдоонун жаңы инструментин иштеп чыкты. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйынында билдирди.
07:44, 19.09.2025КРнын Улуттук банкы ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын шариатты башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү бөлүгүн өркүндөтүүгө багытталган токтом кабыл алды.
05:17, 18.09.2025КРнын Улуттук банкынын акча алмашуу бюролоруна ички көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул чаралар өлкөдөгү каржылык агымдарга көзөмөлдү күчөтүү, уюшкан кылмыштуулукка жана мыйзамсыз иштин башка түрлөрүнө каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
05:07, 17.09.202515-сентябрда Улуттук банк валюта рыногуна АКШ долларын сатты. Бул быйылкы жылдын эсебинен төртүнчү интервенция.
10:37, 16.09.2025Бүгүнкү күндө эмгек акынын деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 20%га жогорулады. Өсүү бардык тармактарда, өзгөчө курулуш жана кыймылсыз мүлктө катталган.
09:17, 15.09.2025Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын башынан бери банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү олуттуу өскөнүн билдирди.
04:06, 15.09.2025